Менделеев олимпиадасында кыргызстандык эки окуучу медалга татыды
Мектеп окуучуларынын Химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасы 25-26-апрелде онлайн-форматта болуп өттү. 55-ирет өткөрүлгөн бул олимпиадага Кыргызстандын 4 окуучусу катышты. Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар бир күмүш, бир коло медалга ээ болушту. Атап айтканда, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Мамбетов Камил күмүш медаль алса, Бишкек шаарындагы Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Ондрина Надежда коло медалга ээ болду.
Олимпиадага мектеп окуучуларын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценттери Б. Боркоев, К. Салиева жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими М. Айтиевдер даярдап, команда мүчөлөрүнүн олимпиадага онлайн катышуусун камсыз кылышты.
Химия боюнча мектеп окуучуларынын Менделеев олимпиадасы ири эл аралык мелдеш болуп саналат. Ал 1967-жылы Химия боюнча бүткүл союздук олимпиада катары СССРде алгачкы ирет өткөрүлгөн. Олимпиада үчүн тапшырмаларды бүт дүйнө жүзүнөн алдыңкы окумуштуу-химиктерден турган эл аралык калыстар тобу түзөт.