Меңди Мамазаирова, акын, драматург, жазуучу: “Апамдын катуулугун калыстыгы жууп кетчү”

20-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 374

Эненин ордун эч нерсе толтура албайт. Меңди Мамазаирова бул маегинде апасын сагыныч менен эстеп, балалыгын, сүйүүсү үчүн күрөшкөн күндөрүн жана жүрөгүндө өмүр бою сакталган эскерүүлөрүн айтып берди.

-Меңди эже, бүгүн сиз менен апаңыз тууралуу сүйлөшөлү. Апаңыз аман болсо, Энелер күнү менен кантип куттуктайт элеңиз?

— Менин үз, чебер Тургун апам тирүү болгондо жанына жетип барып, кучактап, көкүрөгүнө башымды коюп, толуп-ташып ыйлап алмакмын. “Апа, сизге рахмат. Мени эч нерседен тайбас, көк бет мүнөзүмдү тыйбай, эркин өстүргөнүңүзгө”, — деп, балбан, мээримдүү колунан өпмөкмүн. Өзү жакшы көрчү бир бүлбүл (гүлү жок сыйдам помбархат) көйнөктү өз колум менен тигип кийгизип, сүйүнтмөкмүн.

— Апаңызды эске салган кандай окуяңыз бар?

— Фрунзеден университеттин биринчи курсун бүтүп барган эле күнү, тамак ичип, жатканы келгенде апам жаныма келди да: “Сен Жолон менен сүйлөшүп, сүрөткө түшүп жүрүпсүң. Сени Жолонго бербейм! Менин бөлөмдүн кайниси Ленинградда окуйт. Ошого берем”, — деди. “Сен Жолон менен экинчи сүйлөшпөйм деп убадаңды бер. Болбосо, энеликтен  кечем”, — деди.

Биздин үйдү апам башкарчу. Эркектей эрктүү, туугандарга алымдуу, “Раис эже”, “Байбиче эже” деп сыйлашчу. Мен ыйлап-ыйлап убада бердим. Жолон экөөбүз кыйналдык, азап тарттык. Ал укмуш сүйүү ырларын жазды. Акыры үч жылдан кийин достордун жардамы менен үйлөндүк.

Апам мени переговордук пунктка  чакырды. Ал кезде азыркыдай телефон жок. “Ала-Тоо” кинотеатрынын наркы өйүзүндө переговордук пункт бар эле. Коркуп атып бардым. Саламдашып, окуумду сурады. Башка жаман сөз айтпады. Сүйүнүп кетип: “Апа, сизди сагындым”, -дедим. “Сагынбай эле кой. Эми сенин өз апаң бар эмеспи”, -деди…

Кийин апам Жолонду менден да жакшы көрдү. Ошолорду эстесем, көзүмө жаш тегеренет. Апам өтө катуу болчу. Бирок катуулугун калыстыгы жууп кетчү. Жалпы апалар аман болушсун!

— Апаңыздын кайсы сөзү бүгүнкү күнгө чейин эсиңизден кетпейт?

— Апам машина тигип жатканда, мен материалды түздөп, тартып берип, күнү-түнү жанында болчумун. Эжем эбак күйөөгө чыгып кеткен. Унчукпай тигип атып, бир кезде: “Боюмдай бой таптым, оюмдай ой таппадым”, — деди. Мен аны кийин түшүндүм…

Мен кийим тиккенди эрте үйрөндүм. “Сенин колуң сындуу. Сен да тигет окшойсуң. Эч качан сага апкелген матасынан кызыгып, кыркып-кесип алып, тар же кыска кылып койбо. Өтө катуу жазаланасың”, -дечү. Кийин профессионал мастер кызым Айгеримге да ошол сөздү насаат кылып түшүндүрдүм.

— Ата-энеңиздин кимисине жакын болдуңуз?

— Апам кыйын аял болсо да, баары бир мен атама жакын болдум. Көкүрөгүмдү көркөмдүктө ачкан атам эле. Ал тууралуу жазып да, айтып да жүрөм.

-Апаңыз тууралуу айтканда жүрөгүңүздө  кандай сезим ойгонот?

-Апамды ойлогондо ал адамдын эмгекчилдигине, аялзатына тиешелүү бардык нерсеге мени үйрөткөнүнө, колго алган ишти аягына чейин чыгар деп тарбиялаганына  ыраазы болом. Апам калп айтканды эч жактырчу эмес. Кокус корккондон калп айтсаң, ошол жерден катуу жазалап койчу. Анан тегине кетип, нарктуу, каада-салтты да катуу кармачу. Жашында жакшы кийимдерди жакшы көрчү окшойт. Сонун кийинчү. Кундуз тебетейи өзүнө абдан жарашчу…

— Жашоодо ар бир бала үчүн ата-эненин батасын, ыраазылыгын алуу маанилүүбү?

— Баланын бардык азабына ата-эне гана түтөт экен. Мен өтө түйшүк тарттырган баласы болдум. Көктүгүмдөн, шоктугумдан. Ошого апам гана чыдады.

Бирок чоңойгонумда бардык мыкты кийимдерин алып барып берип, батасын алдым. “Сатыбай бубамдын жашын берсин”, — деп батасын берчү. Апамдын Сатыбай бубасы 106 жашка чыккан экен. Ата-эненин ыраазычылыгын ар бир бала сөзсүз алышы керек. Ал бала үчүн өтө зарыл.

-Апаңыздын сизге айткан акыркы сөзү эсиңиздеби?

— “Алыста жүрүп көп сагындырдың. Жолонуң болгондо көңүлүм тынч болот эле. Эми белиңди бек буу. Сенин Суксур тайенең  27 жашында жесир калып, бизди өстүрдү. Колуңда дипломуң бар. Өмүрүңдү гана тилейм”,  деген акыркы сөзү эсимде.

Кутманалиева Чынайым

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X