Меңди Мамазаирова: Көчмөндөр оюну — кыргыздын ата-бабадан калган мурасы

19-август, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 119

Жакында жер соорусу Ысык-Көлдүн «Кырчын» жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Учурда бул ири эл аралык иш-чарага кызуу даярдыктар жүрүп жатканы баарыбызга маалым. Республика боюнча дүңгүрөгөн иш-чарага 27 мамлекеттен меймандар келет. Алар кыргыздын кандай оюндарына, нарк-насилине кызыгышат? Кыргыз элинин кайсы өнөрүнө, кайсы кереметине суктанышат? Ушундай суроолор менен Кыргыз Республикасынын эл акыны, романист, драматург, сөз чебери, эки системаны көргөн чыгармачыл инсан Меңди Мамазаировага кайрылдык.

– Меңди эже, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну кыргыз элинин ата-бабадан калган кандай баалуулуктарын дүйнөгө таанытмакчы?

– Кыргыз элинин ата-бабадан калган асыл баалуулуктарын көрсөтүү менен гана дүйнө элинин көңүлүн бура алабыз. Асман-жердин ортосунда чагылгандай чартылдап, арстандай аркырап, жарыкчылыктагы өз ырыскысын талашып, жашоо укугун коргоп, көчүп-конуп күн кечирген кыргыз Тадж-Махал же пирамида кура алган жок. Отурукташкан элдердей алтын-күмүш, азыркы тил менен айтканда, миллион-триллион акча-пул, байлык чогулткан эмес.

Көөнө кыргыз бардык байлыгын, тагдырын, дүйнө таанымын ырга айлантып, көкүрөгүнө сактап, укумдан-тукумга өткөрүп келген. Анын натыйжасында дүйнөдө теңдешсиз «Манас» океаны пайда болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында сөзсүз «Манас» айтылат.

Ар заманда өжөр, кежир кайсы эл?
Алмустактан азаттыгын бербеген.
Тирүүлүктүн бардык ырын көөдөнгө
Каткан элдин акын кызы болом мен!

Кылымдарды карытып, бүгүнкү күнгө чейин өчпөй, унутулбай жеткен өнөрлөрүбүздүн түрлөрү көрсөтүлөт. Кыргыз эр-жигиттеринин күчүн, эркин сынаган, сырттан кирип келген кандай гана кас душман болбосун, мизин кайтарган согуштук ыкмалар оюн катары тартууланат. Алардын катарында кылыч чапмай, эр эңиш, жаа тартмай, күрөш, айтыш, жөө айтыш сыяктуу оюндар бар.

Умай эне, кыз-келиндердин өнөрлөрү да өзгөчө көрсөтүлөт. Көз талдырган кооз шырдактар, оймолор, саймалар, таар, өрмөк, килем токуу, комузда кол ойнотуу өнөрлөрү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратат.

Миң түркүн оймо, шырдагың,
Миң түйүн катат сырларын.
Балдак оюу, кабырга оюу, төрт оюк, төрт оюгу – төрт мезгилби, кунт коюп…
Хан кайраты баркы менен,
Эр кайраты камчы менен!

Мындан тышкары камчы, ээр-токум жасоо өнөрлөрү да көргөзмөгө коюлат.

– Көчмөндөр оюну аркылуу жаш муун ата-бабаларыбыздын кандай өнөрүн жана салтын үйрөнө алат?

– Азыркы техникадан башы чыкпаган жаш муун үчүн, албетте, ата-бабалардын салты жомок сыяктуу туюлушу мүмкүн. Бирок кунт коюп көргөн муун ата-бабаларыбыздын эмгекчилдигин, шамдагайлыгын кыймылдуу оюндарынан байкай алат. Ата-бабаларыбыздын саяпкерлиги, мүнүшкөрлүгү аркылуу ат үстүндөгү бардык оюндар – эр эңиш, көк бөрү, ат чабыш жана башка оюндар таанытылат. Ал эми азыркы кыз-келиндер үчүн көз талдырган саймалар, оймолор, ар бир кыз-келинди сулуу кылып көрсөтө турган улуттук кийимдер, үкү топулар, тебетейлер, элечектер чоң мааниге ээ.

Андан сырткары боз үйдөгү кыргыз турмушу: ата-эненин орду, эр-жигиттин, келиндин, балдардын орду көрсөтүлөт. «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» деген түшүнүк калыптанат. Жаштар ушулардан нуска алышы керек.

– Улуттук оюндар кыргыз элинин тарыхын жана өзгөчөлүгүн сактоодо кандай роль ойнойт?

– Абдан чоң роль ойнойт. Маселен, башка улуттардан кыргыздардай адам төрөлгөндө «Алдей» ырын ырдап, каза болгон адамды кошуп, даңазасын таш жаргыдай кылып кошок айткан эл сейрек.  Төкмөчүлүк өнөрү да кыргыз улутунун өзгөчөлүгүн билдирип турат. Кыргызды кыргыз кылган манасчылыгы, төкмөчүлүгү, айтышчылыгы жана ат үстүндө эркин ойногон улуттук оюндары бар.

Жогорудагы касиеттер  улуттун тарыхы жана өлбөстүгү. Бул оюндар тарыхыбызды тастыктап турат.

– Көчмөндөр оюну сиз үчүн жөн гана спортпу же ата-бабадан калган мурасты уланткан чоң маданий майрамбы?

– Менин кыргыздык сезимимди, жан дүйнөмдү жандандырып турган нерсе  так ушул Көчмөндөр оюнундагы оюндар. Азыр дээрлик бардык кыргыз улуттук мурас болгон бул оюндарга даярданып, майрамдоого дилгир болуп турат.

Мен да «Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык кыймылынын ардактуу, аксакал мүчөсү катары бул иш-чарага катуу даярданып жатам. Жети дубандан, айрым облустардан жөө жүрүш менен жолго чыккандар да бар. 200гө жакын айымдар менен мырзалар Көчмөндөр оюнунун башталышын тосуп алабыз деп демденип турабыз.

Мен деле жаркылдатып жаңы чапан тиктирип, өзгөчө шуру менен кооздолгон элечек оронуп, өзүмчө эле тырпырап жатам. Көчмөндөр оюну мен үчүн ата мурасы, эне насааты сыяктуу. Ар Ноорузду өзгөчө тосуп алгандай эле, бул оюнду да улуттук, ата-бабадан калган чоң майрам катары тосуп жатам.

– Кыргыздын көк бөрү, эр эңиш, ордо сыяктуу оюндары элибиздин мүнөзүн кандайча чагылдырат?

– Көк бөрү оюну бир караганда өтө опурталдуу оюн болгону менен, чыныгы эркектик эркти сынаган оюн. Так ошол асман-жердин ортосунда чарк уруп жашаган көчмөн кыргыздын мүнөзүн сапаттаган оюн десем болот.

Эр эңиш – өтө маданияттуу, адам өмүрүнө коркунуч жаратпаган оюн болгону менен, кара күчтүн сыноосу. Бул жерде эр-жигиттин күчү, айла-амалы, маданияты, эпчилдиги, чыдамкайлыгы сыналат.

Ал эми ордо оюнун накта хандардын оюну деп айтат элем. Кыргыздар дегеле кыйын болгон. Ордо оюну аркылуу согуштук тактика менен стратегияны пайдаланып келишкен жана ой жүгүртүүсүн өстүрүшкөн. Ата-бабаларыбыздын акыл-эси, дүйнө таанымы, мээ чабыттары ушул оюн аркылуу өнүккөн. Чыр да ушул оюндан чыгып, тымызын тирешүүлөр өтө оожалган учурлар болгон. Албетте, азыр биз сөз кылган оюндар кыргыз улутунун өзгөчөлүгүн, зиректигин, даанышмандыгын айгинелейт.

– Бүгүнкү жаштар Көчмөндөр оюнунан кандай сабак алышы керек деп ойлойсуз?

– Азыркы техниканын туткуну болгон жаштар бул оюндардан өтө зор сабак ала алышат. Кыймылсыз отуруудан көрө ата-бабадан калган алтын мыйзам  кыймылдуу оюндардын ден соолукка, өмүргө, жашоого жана ар тараптан өсүүгө өбөлгө болорун түшүнүшү керек.

Кыргыздын негизин, ата-бабанын алтынга бергис асыл салт-наркын үйрөнүү, таануу менен дүйнөдөгү жаштардан алдыга кетүү мүмкүнчүлүгүн утуп алууга болорун түшүнсө дейм. Биздин ата-бабадан калган нарк-касиетибиз көп жагынан башкалардан өзгөчө экенин түшүнүшсө деген тилегим бар.

– Дүйнө элдери Көчмөндөр оюну аркылуу кыргыз элин кандай жактан таанып-билишин каалайт элеңиз?

«Айбатыңдан селт эт! Ойгонгон Азия,
Аалам чегин атчан учуп өткөнбүз.
Бул азаттык келген эмес капыя,
Күрөштөрдө ыйык канды төккөнбүз!»
– деп жаздым эле.

Эң алды менен келген меймандар кыргыз улуту эркиндикти сүйгөн эл экенин туюшса дейм. Ошондой эле биздин элдин достукка бекем, мейман-дос, алдыны көрө билген кеменгер, таланттуу, өнөрчүл экенибизди баамдап, таңыркашса жакшы болот эле.

Бүгүн кыргыз элинин дүйнөдөгү орду да кеңейип жатат. Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланып, 142 мамлекеттин колдоосуна ээ болду. Бул да кыргыз элине болгон ишенимдин жана өлкөбүздүн дүйнөлүк аренадагы ордунун өсүп жатканын көрсөтөт.

Биздин Көчмөндөр оюнуна дүйнө жүзүнөн сандаган коноктор келгени, президентибиздин эл аралык саммиттерде, жыйындарда сүйлөгөн батыл сөздөрү да кыргызды дүйнөгө таанытып жатат. Муну да жакшылыктын белгиси деп эсептейм.

– «Ата-бабанын мурасын сактоо  келечек муундун милдети» деген сөздү Көчмөндөр оюну менен кантип байланыштырат элеңиз?

– Бул  оор жана милдеттүү түрдө ишке ашырууну талап кылган маселе. Ал үчүн Көчмөндөр оюнун жаш муун өз көзү менен көрүшү керек. Оюн бүткөн соң ар бир мектепте, жогорку окуу жайларда бул Көчмөндөр оюнунун маанисин, маңызын сөзсүз түшүндүрүү иштерин колго алуу зарыл. Анын видеолору аркылуу жаш муундун мээсине, жан дүйнөсүнө жеткирүү милдет.

Алар ата-бабадан калган мурастары менен сыймыктанышы керек. Жана андан ары бул мурасты жайылтууну каалашы зарыл. Оюндун, ата-бабанын салтынын чыныгы маңызын түшүнгөндө гана келечекте аны сактоого далалат кылат. Бул жерде тиешелүү уюмдардын кечиктирилгис милдети жана вазыйпасы чоң.

Ылайым, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ийгиликтүү өтсүн!

Өлкөм бүтүн болсун! Ала-Тоомдо тынчтык, бейпилдик өкүм сүрсүн!

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X