«Менин шаарым» тиркемеси аркылуу парковка төлөө мүмкүн болду
Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын эми «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот. Жаңы кызмат Бишкек мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» жана «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканалары тарабынан ишке киргизилди.
Төлөм жүргүзүү үчүн колдонуучу картадан же тизмеден унаа токтотуучу жайды тандап, унаасынын мамлекеттик номерин киргизип, төлөмдү ырасташы керек.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү унаа токтотуучу жайларды пайдалануу акысыз.