Мэр «Асман Парктагы» реконструкциянын жүрүшү менен таанышты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Асман Парк» оюн-зоок борборундагы реконструкция жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Долбоордун алкагында парк толугу менен жаңыланып, жашыл аймактар кеңейтилет. Заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар жана көңүл ачуучу аянтчалар түзүлөт.
Учурда парктын аймагына 500дөн ашык көчөт жана декоративдүү дарак отургузулду. Жакынкы аралыкта дагы ушундай көлөмдө көчөттөрдү отургузуу пландалууда.
Ошондой эле топурак төшөө, газон себүү, асфальттоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Реконструкциянын жалпы аткарылышы 90 пайыздан ашты.
Парктын башкы өзгөчөлүгү — бийиктиги 92 метрден ашкан «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик аттракцион болуп, шаарды жана тоолорду бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мэр Айбек Джунушалиев иштерди сапаттуу бүткөрүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу заманбап коомдук мейкиндик түзүү зарылдыгын белгиледи.