Мэр Бишкектеги курулуштардын жүрүшүн текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жана реконструкцияланып жаткан бир катар объектилерди кыдырып, иштердин жүрүшү менен таанышты.
Ал «Үмүт чырагы» адистештирилген бала бакчасынын, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын, Жал-29 кичи районундагы спорт комплексинин курулушун жана Миңжылкыев көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Ошондой эле «Көлмө» конушундагы футбол аянтчасынын жаңылануу иштерин текшерди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар башчысы жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо, курулуш учурунда бак-дарактарды сактоо, Миңжылкыев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишине жол чырак орнотуу боюнча тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, подряддык уюмдарга курулуштун сапатын камсыздап, бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү милдети жүктөлдү.