Mercedes-Benz S-Class эми ойлонгон унаага айланды: айдоочудан мурда жолду «сезет»

29-апрель, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 888

Mercedes-Benz жаңы S-Class моделин Пекин автошоусунда тааныштырып, унаа дүйнөсүндө жаңы деңгээлди көрсөттү.

Бул жолу негизги өзгөрүү сырткы көрүнүштө эмес, толугу менен ички технологияларда. Унаа чоң тил моделдерине негизделген «акылдуу» навигация менен жабдылып, шаарда жана трассада айдоочуга алдын ала жардам берет.

Эң кызыгы — унаа жолду өзү «окуйт». Car-to-X системасы аркылуу башка Mercedes унаалары өткөн жолдогу чуңкур же “атайын тоскоолдуктар” тууралуу маалыматты бул унаага жеткирет. Натыйжада амортизаторлор алдын ала даярдалып, жүрүш максималдуу жумшак болот.

Жаңы Airmatic подвескасы, арткы дөңгөлөктөрдүн 10 градуска чейин бурулушу жана кубаттуу кыймылдаткычтар (V8 жана 585 ат күчүнө тете гибрид ) унааны динамикалуу жана ыңгайлуу кылат.

Ал эми эң люкс версиясы — Mercedes-Maybach S-Class — өзүнчө деңгээл. Бул моделде биринчи жолу MB.OS операциялык системасы колдонулуп, автопилот, мультимедиа жана унаа башкаруу бир система менен иштейт.

Арткы орундагы жүргүнчүлөр үчүн 13,1 дюймдук экрандар, видеочат, жест менен башкаруу жана эң кызыгы — унаа сиздин кыймылыңызды, жүзүңүздү «окуп», мисалы, эсинеп калсаңыз жарыкты өзү азайтат.

Бул жөн гана унаа эмес — бул сизди түшүнгөн санарип шерик.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X