Мэрия 55 жаштан улуу курактагы жарандарды үйдөн чыкпоого чакырды
Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын 55 жаштан жогорку курактагы жарандарды өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
«Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору, коомдук жайларда дагы деле COVID-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар. Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген жарандар зарыл болбосо үйүнөн чыкпай эле койгону туура болот», — дейт Айжан Чыныбаева.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат, акыркы суткада бир эле Бишкек шаарында вирус жуктуруп алган 77 жаңы учур катталган. Учурда Бишкек шаары кызыл зонага кирди.