Мэрия: «Бишкекти жашылдандырууга салым кошуңуз»

14-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 64

Бишкек шаарында жашылдандыруу акциясы башталды. Бул тууралуу Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Акциянын демилгечилери «Эко Деми» коомдук фонду жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы.

«Эми каалоочулар борборубуздун сейил бак аймактарына өз көчөттөрүн отургузуп, агрономдордон пайдалуу билим алып, жагымдуу, эң негизгиси пайдалуу убакыт өткөрө алышат. Акциянын бир гана шарты – көчөт сатып алуу керек, керектүү жабдуулар менен биз камсыз кылабыз. Айтмакчы, дарактын түрүнө жараша отургузуучу жер айырмаланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандарды иш-чарага катышууга жана шаарды жашылдандырууга салым кошууга чакырат.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 64
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X