Мэрия талкаланган өтмөктүн себебин түшүндүрдү

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөгүнүн дубалы өзүнөн-өзү урап жаткан жок. Аны Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа сүзүп, сырткы бөлүгүнө зыян келтирген.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 29-октябрда саат 03:07 чамасында болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай, жол өтмөгүнүн дубалын сүзгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Окуядан кийин айдоочу өзү Милициянын кайгуул кызматына кайрылып, кырсык каттоого алынган.

Учурда жол өтмөгүнүн жабыркаган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Мэрия айрым маалымат каражаттарында дубал өзүнөн-өзү түшүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X