Мэрия: Турак жай жерлерин коммерцияга айлантууга бөгөт коюлат
Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймагындагы жер участокторун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылууга багытталган жаңы токтом кабыл алды.
Токтом жер мыйзамдарынын талаптарын так сактоону камсыз кылуу, жер тилкелерин туура эмес пайдаланууга бөгөт коюу жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу принциптерин ишке ашыруу максатын көздөйт.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер ээлери жана жер пайдалануучулар жер участокторун белгиленген максаттуу багытына ылайык колдонууга милдеттүү. Ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүү жана объекттерди жайгаштыруу мыйзам талаптарына жана жердин уруксат берилген пайдалануу түрүнө шайкеш болушу керек.
Мэриянын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Бишкек шаарында жеке турак жай курууга арналган жерлерди автотранспорт сатуу жайлары, көргөзмө аянтчалары жана башка коммерциялык объекттер катары колдонуу учурлары көбөйгөн. Бул көрүнүштөр турак жай аймактарындагы транспорттук жүктү күчөтүп, жашоо шарттарына терс таасирин тийгизүүдө.
Жаңы токтомдун алкагында райондук муниципалдык администрациялар жер тилкелеринин максаттуу багыты бузулган учурларды аныктоо боюнча инвентаризация жүргүзүшөт. Жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары боюнча материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мэриянын түзүмдөрүнө жөнөтүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы жер ээлерин, ижарачыларды жана жер пайдалануучуларды жер тилкелерин мыйзамга ылайык пайдаланууга чакырып, коммерциялык объекттер жайгашкан аймактарда архитектуралык жана эстетикалык талаптарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мэрия белгилегендей, жер мыйзамдарын так сактоо шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат.