Микрокредит алгандардын саны азайды

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка таянсак, өлкөдө январь-сентябрда микронасыяларды берүүчү уюмдар тарабынан 27 миллиард 400 миллион сом суммасында насыя берилди. Насыя алгандардын саны 490 миң адамдан көп болуп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10 пайызга кыскарды. Ал эми берилген микронасыялардын көлөмү тескерисинче 17 пайызга өстү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X