Милиция коомдук транспорт айдоочулары менен жол коопсуздугун талкуулады

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 116

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жолугушуунун негизги максаты – жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын камсыздоо, жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун күчөтүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттун айдоочуларына белгиленген ылдамдык режимин так сактоо, жол кыймылынын бардык катышуучуларына өз ара сый-урмат көрсөтүү жана айдоочулук маданиятты бекем кармануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук талаптарын сактоонун мааниси белгиленип, ар бир айдоочунун жеке жоопкерчилиги өзгөчө белгиленди. Иш-чара коомдук транспорт тармагында жол коопсуздугун камсыздоого жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X