Миң-Кушта уран калдыктарын рекультивациялоо долбоору ийгиликтүү аяктады
28-май күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча ири экологиялык долбоордун ийгиликтүү аякташына арналган мемориалдык стеланын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте ишке ашырылган уран өндүрүшүнөн калган аймактарды рекультивациялоо боюнча КМШнын Мамлекеттер аралык максаттуу программасынын жыйынтыгын чыгарган расмий жолугушуу менен коштолду.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жетектеген министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Эл аралык ишмердик боюнча директору Николай Спасский баштаган делегация катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аракеттери өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого олуттуу салым кошконун белгилешти.
Иш-чаранын алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу протоколго расмий кол коюлуп, 2026–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактарын реабилитациялоо боюнча биргелешкен иш-чаралар планы бекитилди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттер аралык программа 2013–2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын кызматташуусунун негизинде ишке ашырылган. Долбоордун натыйжасында экологиялык коркунучтар кыйла азайып, жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана аймакты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлдү.
Биргелешкен иштердин алкагында мурдагы калдык сактоочу жайлар коопсуз абалга келтирилип, долбоор Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы эң ири экологиялык демилгелердин бири катары бааланууда.
Миң-Куш шаарчасында жүргүзүлгөн иштердин алкагында “Как”, “Туюк-Суу” жана “Талды-Булак” калдыктары рекультивацияланды. Кооптуу калдыктар атайын даярдалган “Дальнее” объектисине көчүрүлүп, объект толугу менен коопсуз абалга келтирилди.
Мемориалдык стела Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайынын тарыхын жана Россия Федерациясы менен кызматташтыкты даңазалаган символ катары орнотулду.
Тарыхый маалымат катары белгилей кетсек, Миң-Куш шаарчасы 1947-жылы уран кенин казып алуу борбору катары негизделген. Кийинчерээк шахталар жабылгандан соң бул аймакта бүткүл Советтер Союзуна белгилүү болгон кеңсе товарларын чыгаруучу завод иш алып барган.