Миңдеген жарандар күткөн жаңылык. Жер мунапысын алууга укуктуулардын тизмеси чыкты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык, жер мунапысын берүү боюнча иштер уланууда.
Учурда документтерин толук тапшырып, талаптарга жооп берген Биринчи Май районунун жашоочуларынын алдын ала тизмеси жарыяланды.
Тиешелүү органдар жарандарды жарыяланган тизмеден өз маалыматтарын текшерип чыгууга чакырат. Жер мунапысын берүү боюнча иштер мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылары белгиленди.