Министр Бакыт Сыдыков Oppenheimer Holdings жетекчилиги менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

17-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 215

 Нью-Йоркто Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Oppenheimer Holdings Inc. компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Роберт (Роб) Ловенталь баштаган компаниянын жетекчилери менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инвестициялык климатты жана кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Министр энергетика, туризм жана транспорттук-логистикалык тармактардагы ири долбоорлорду, ошондой эле инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган реформаларды тааныштырды.

Жолугушууда санкциялык талаптарды сактоо, Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтингин жогорулатуу жана эл аралык инвесторлордун ишенимин бекемдөө маселелери да көтөрүлдү.

Бакыт Сыдыков «Элдик Банк» ААКтын еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырганын белгилеп, бул эл аралык инвесторлордун Кыргызстандын финансылык системасына болгон ишениминин жогорулап жатканын көрсөткөнүн айтты.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз компанияларын эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу, инвестиция тартуу инструменттерин өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X