Министр Баткендеги өрттөнүп кеткен мектептердин абалын көрүп келди

Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,  министр Алмазбек Бейшеналиев Баткенде жаңжалдын кесепетинен жабыркап, өрттөлгөн мектептерди жана бала бакчаларды жеринен көрүп келди.

Министр, мектептерди кайрадан оңдоо иштери жакынкы убакта башталарын айтып, жаңы окуу жылы башталгыча имараттар салынып, калыбына келтирилип, балдардын мектепке барып билим алуусуна бардык шарттардын түзүлөрүн билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X