Министр эскертти. Мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу токтотулат
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги айрым мектептерде оңдоп-түзөө иштерине ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултулган фактылар аныкталганын билдирди. Бул тууралуу ал 3-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.