Министр: Күзгө чейин Токтогул суу сактагычында 11,5 млрд кубометр суу топтоо пландалууда

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 172

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү учурда 10 миллиард 200 миллион кубометрди түзөт. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.

Министрдин айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 700–750 миллион кубометрге аз.

Ошол эле учурда ал аба ырайынын ыңгайлуу болуп, мөңгүлөрдүн эриши уланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, күз-кыш мезгили башталганга чейин суу сактагычтагы суунун көлөмүн кеминде 11,5 миллиард кубометрге жеткирүү пландалууда.

«Күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү үчүн суу сактагычтагы минималдуу көлөм 11,5 миллиард кубометр болушу керек. Биз керектүү көлөмдү топтоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деди Алтынбек Рысбеков.

Министр ошондой эле 1,5 ай мурда өткөн жылга салыштырмалуу айырма 1,5 миллиард кубометрди түзгөнүн, учурда бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге кыскарганын кошумчалады.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 172
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X