Министр: Ысык-Көл шакекче темир жолу региондук өнүгүүгө шарт түзөт

10-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165

Кыргызстанда Ысык-Көл көлүн айланып өтүүчү шакекче темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу иштери уланууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында билдирди.

Министрдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдери такталып, анын практикалык фазасына өтүү багытында иштер жүрөт. Темир жолду куруу этап-этабы менен жүргүзүлмөкчү.

Биринчи этапта БалыкчыЧолпон-Ата багыты курулат. Андан соң Чолпон-АтаКаракол багыты боюнча темир жолду тартуу пландалууда.

Долбоор ишке ашса, Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасы кыйла жакшырмакчы. Ошондой эле аймактын туристтик жагымдуулугу өсүп, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү күтүлүүдө.

10-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X