"Эркин-Тоо"

Министрдин орун басары эл аралык университеттин салымын белгиледи

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу 25-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2022-2023-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Расул Абазбек уулу эки өлкө ортосундагы окуу жай 10 миңден ашуун жаштарга акысыз жана сапаттуу билим берип, кесипкөй адистерди даярдап келет деп билдирди.

“Кыргыз-Түрк “Манас” университети заманбап материалдык-техникалык база менен камсыз болуп, коомдук жана табигый илимдер багытында бакалавр, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде 70тен ашуун билим берүү программаларын ишке ашырып келет. Кээ бир программалары, мисалы журналистика жаатында негизги кадр даярдоо устаканасы болуп калгандыгы баарыбызга маалым”, — деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары университеттердин орду жана салмагы дүйнөлүк рейтингдер менен өлчөнөрүн жана бул жаатта “Манас” университети өрнөк боло аларын белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!