Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү ОшМУнун ишмердүүлүгү жана жаңы долбоорлору менен таанышты

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

 1-июнда “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” масштабдуу долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Ош облусуна иш сапары менен барышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш сапардын жүрүшүндө расмий өкүлдөр Ош мамлекеттик университетинде болуп, окуу жайдын сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен, бизнес-паркынын жана илимий долбоорлорунун жетишкендиктеринен турган көргөзмө менен таанышышты. Ошондой эле университетте жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери, билим берүү, илим жана инновация тармактарындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болду.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, министр Гульзат Исаматова Балдарды эл аралык коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы “Сайран” эс алуу жайында уюштурулган майрамдык иш-чарага катышты.

Иш сапардын алкагында Ош мамлекеттик университетинин курулуп жаткан медициналык клиникасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышуу да каралган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X