Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек КАСЫМАЛИЕВ: “КУРУЛУШТАР САПАТТУУ ӨЗ МӨӨНӨТҮНДӨ БҮТКӨРҮЛСҮН”
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна иш-сапар менен барып, бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Курулуштарды сапаттуу, өз убактысында бүткөрүүнү тиешелүү жетекчилерге табыштады.
Аны менен катар МинКаб Башчысы Адылбек Касымалиев Талас облусунда өтө турган эгемендүүлүк майрамына карата даярдыктарды көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйында Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун алкагында ачыла турган – пландаштырылган объекттер жана майрамдык концерттик программанын жалпы концепциясы туурасында баяндамалар жасалды. МинКаб Башчысы Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, жаңы реформалар, ири инфраструктуралык долбоорлор жана социалдык өзгөрүүлөр аркылуу мамлекеттин жаңы доорун түзүп жатканын айтты. “Президент бардык аймактардын өнүгүүсүнө катуу басым жасагандыгы үчүн жыл сайын мамлекеттин номер биринчи майрамы ар башка аймакта өткөрүлүп жатат. Бул өлкөбүзгө салт катары кирди. Быйылкы майрам мурунку жылдардан дагы күчтүү, кызыктуу, мазмундуу жана жогорку уюшкандыкта өтүүгө тийиш” — деди.
Адылбек Касымалиев Таласка жасаган иш-сапарынын алкагында “Манас Ордо” комплексинин оңдоо иштерин жеринен кабар алды.
Мына ушул сапарды улай “Манас ордо” улуттук комплексинин директору менен маек уюштуруп, курулуш иштери боюнча пикир алыштык.
Камил Мамадалиев, «Манас ордо» улуттук комплексинин директору: “Манас ордо” Азиядагы уникалдуу маданий борборго айланат”
Мындан бир жыл мурда, тагыраагы 2025-жылдын ноябрь айында Мамлекет Башчысы Садыр
Жапаровдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Манас Ордо” улуттук комплексине жаңы курулуштарды куруу, жана оңдоо ишинин башталышына мезгил кутусун салган болчу. Андан бери улуттук комплексте иш кызуу жүрүп жатат. Августка чейин “Манас Ордодогу” оңдоо ишин бүтүрүү зарыл. Бул тууралуу “Манас Ордо” улуттук комплексинин директору Камил
Мамадалиев билдирди.
— Камил мырза, “Манас Ордодогу” оңдоо иши кайсы баскычка келип калды?
— Талас облусунда Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен «Манас Ордо» улуттук комплексинде жаңы курулуштар курулууда. Оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Бул иштердин максаты — имараттарды жөн гана оңдоп-түзөө эмес, “Манас Ордо” комплексин Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу болуп саналат. Аба ырайынын жылышына байланыштуу курулуш иштерин эки нөөмөт менен жүргүзүү пландалууда. Мындан тышкары, комплекстин айланасын жашылдандыруу да башталууда. Ушу тапка музей менен сахнадан башкасын айтканда иштердин 50%ы аяктап калды. Мисалы, 5 коттедж 60%, түлөөкананы куруу иштери 50%га аяктап калды. Үзгүлтүксүз иштер жүрүүдө, жумушчулар жетиштүү.
— Каражат маселеси толук чечилгенби?
— Бул иштерге жалпы мамлекеттен 1 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат сарпталууда. Каражат жагынан маселе жок.
— Ошондо улуттук комплекс толугу менен жаңыланып жатабы?
— Азыркы учурда музейдин аянтын кеңейтүү жана имаратты бекемдөө иштери жүрүп жатат. Музейдин аянты 1200 чарчы метрге чейин кеңейтилүүдө. Жакында ички жасалгалоо иштери башталат. Музей заманбап талаптарга ылайык санарип искусство музейи болуп жаңыланып, жаңы экспонаттар коюлат. Ошондой эле 300 адамга ылайыкталган заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имарат курулууда. Ал эми мурдагы админ корпусубуз 25 кишилик мейманкана болуп өзгөрүүдө. Маданий жана башка иш-чараларга арналган жаңы сахна салынып жатат. Сахна үстүнөн караганда шумкардын уясын берет. Мартабалуу, эл аралык конокторду тосуу үчүн жаңы резиденция “Кербен көчү” салынууда.
— Курулуштун мөөнөтү кайсы убакытка аяктайт?
— Курулуш иштерин ушул жылдын июлдун соңу, августка чейин жыйынтыктоо керек. Себеби, өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү быйыл Таласта, анын ичинде “Манас Ордо” улуттук комплексинде белгиленет. Аны менен катар биздин комплекске мамлекеттен 1 жыл 3 айдын аралыгында 2 жаңы автоунаа берилди. Мындан тышкары маданият кызматкерлеринин турак жай маселелерин чечүү да каралууда. Мындай шарттар маданият кызматкерлерине дем берет.
Мээрим Бактыбек кызы