Министрлик “Бала ырысы” жөлөкпулу боюнча санариптик маалымат системасын киргизди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу жараянын жеңилдетүү максатында жаңы санариптик мүмкүнчүлүктү ишке киргизди.
Эми “Бала ырысы” жөлөкпулун алуу боюнча толук маалыматты QR-код аркылуу тез жана ыңгайлуу түрдө алууга болот. Жарандар QR-кодду сканерлөө аркылуу жөлөкпулду алуу шарттары, керектүү документтер, арыз берүү тартиби жана башка маанилүү маалыматтар менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бул жаңычылдык бюрократиялык түйшүктү азайтып, маалыматка жетүүнү жеңилдетет жана жарандардын убактысын үнөмдөөгө багытталган.
Министрлик санариптик кызматтарды өнүктүрүү иштерин улантып, социалдык колдоо системасын дагы да жеткиликтүү жана ачык кылууну максат кылууда.