Министрлик: Баткенде 4 миңден ашык суур бар

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156

Баткен облусунда суурлардын жазгы санагы жыйынтыкталып, аймакта жалпысынан 4 миң 146 даана суур бар экени аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, санак министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлдү.

Санак жапайы жаныбарлардын санын, таралышын жана популяциясынын абалын баалоо максатында өткөрүлүп, алынган маалыматтар биотүрдүүлүктү сактоо жана жаныбарлар дүйнөсүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди пландаштырууда колдонулат.

Жыйынтыгында Баткен облусунун 188 миң 512,2 гектар аянтында 759 даана суур эсепке алынды. Ал эми «Сурма-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун 66 миң 194,4 гектар аймагында жүргүзүлгөн санактын жүрүшүндө 3 миң 387 даана суур катталган.

Министрлик өлкөнүн фаунасын коргоо, жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана алардын санын туруктуу көзөмөлдөө боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 156
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X