Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облусундагы «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексине барууну убактылуу токтото турууга чакырды.
Мындай чечим тарыхый эстеликте жүрүп жаткан масштабдуу оңдоо-реставрациялоо иштерине байланыштуу кабыл алынды. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда комплексте курулуш техникалары жана адистер иштеп жаткандыктан, айрым аймактар коопсуздук максатында тосулган.
Реставрациялоо иштери «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүп, 2027-жылга чейин уланат. Анын негизги максаты – тарыхый эстеликтин конструкцияларын бекемдеп, аны келечек муундар үчүн сактап калуу.
Ошондой эле министрлик туристтик компанияларды жана экскурсоводдорду маршруттарды алдын ала өзгөртүп, туристтерге киргизилген убактылуу чектөөлөр тууралуу маалымат берүүгө чакырды.
Министрлик белгилегендей, реставрациянын негизги этаптары аяктап, коопсуз шарттар түзүлгөндөн кийин «Таш-Рабат» комплекси кайрадан толук кандуу зыяратчылар үчүн ачылат.