МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барды
2026-жылдын 17-июну, Санкт-Петербург шаары — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына эки күндүк жумуш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча Эл аралык конференцияга катышат.