Кыргызстан Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка жазуучунун айкелин жана чыгармаларынын негизинде скульптуралык композиция орнотуу үчүн долбоорлорду кабыл ала баштады.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жарыялаган ачык сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алат.
Сынактын негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларында камтылган жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Жеңүүчү долбоор Минск шаарындагы Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Катышуучулар арызын, эскиздик долбоорун, түшүндүрмө катты жана автор тууралуу маалыматты 2026-жылдын 29-сентябрынан 29-октябрына чейин тапшырышы керек.
Долбоорлор идеялык-мазмундук деңгээли, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруунун реалдуулугу боюнча бааланат.
Сынактын байге фонду: I орун — 200 миң сом; II орун — 150 миң сом; III орун — 100 миң сом.
Документтер Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 112 дарегинде жайгашкан Улуттук тарых музейинин имаратында кабыл алынат. Байланыш телефону: 0707 71 05 71.
Белгилей кетсек, Минск шаарындагы сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы жазуучунун 100 жылдыгына карата 2018-жылы берилген. Аянты 19,6 гектарды түзгөн сейил бакта ошол эле жылы беларусь скульптору Алесь Шатило жасаган Айтматовго арналган эстелик белги ачылган.