Мирбек Мамбеталиев ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан менен жолугушту
2026-жылдын 4-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун Жаштар санариптик форумунун маанисин жана келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Министр Мирбек Мамбеталиев Сохайл Хандын форумга катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чара жаштардын санариптик демилгелерин колдоо, инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ШКУ мейкиндигинде жаштар саясатын жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн маанилүү аянтча болуп саналарын белгиледи.
Ошондой эле министр форумду өткөрүү демилгеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2025-жылы Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында көтөрүлгөнүн эске салып, санариптик трансформация бүгүнкү күндө уюмга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.
Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан кыргыз тараптын демилгесин жогору баалап, Жаштар санариптик форумун келечекте туруктуу иш алып баруучу эл аралык платформага айландыруу сунушун билдирди. Анын айтымында, мындай аянтча жаштардын санариптик долбоорлорун илгерилетүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ШКУ алкагында жаштар саясаты, санариптештирүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.