Миргүл Эгембердиева: Уңгу жолдун башаты бала бакчадан башталат
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата маектөрүбүздүн бүгүнкү мейманы Эгембердиева Миргүл Мангутбековна баш калаабыздагы “Баластан” ясли-бакчасынын директору болуп иштейт. Өз кесибин жанындай жакшы көргөн Миргүл Мангутбековна мектепке чейинки мекемелерде топтогон 10 жылдык тажрыйбага ээ. Бала бакчанын башчысы менен болгон маегибизде ал төмөндөгүлөрдү айтып берди.
– Миргүл Мангутбековна, ясли-бакчаңарда канча бөбөк тарбияланууда? Тарбиячылар жетиштүүбү?
– 140 орунду камтыган он бир топто орунду эффективдүү пайдалануу менен 330 бала бар. Тарбиячылардан тартыштыгыбыз жок.
– Жаңы окуу жылына сүйлөөсүндө кемчилиги бар балдар үчүн логопед дарыгери барбы?
– Быйылкы окуу жылында жакшы сүйлөй албаган балдар менен иштешүү үчүн логопед адистин штаты киргизилип жатат. Буюрса, быйылкы жаңы окуу жылынан тарта биз логопедди ишке алабыз. Өзүңүз жакшы билгендей, быйылтан тарта республикабыздагы билим берүү мекемелери 12 жылдык окутууга өтөт. Балдар 1-класс-ка 6 жаштан бара башташат. Балдар бакчалары 1 жаштан 5 жашка чейинки бөбөктөрдү камтып, бизге аларды мектепке жаңы программа боюнча даярдоо милдети тагылып жатат.
– Силердин балдар бакчасы негизи качан ачылган?
– Биз “Баластан” ясли-бакчасы катары 2024-жылдын 27-ноябрында чоң салтанат менен ачылганбыз жана ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өзү катышкан.
– Бала бакчаңыздардагы тарбиялоо иштеринин өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз…
– Балдар бакчасынын ишмердигин уюштуруу оңой-олтоң иш эмес экендигин педагог-тарбия-чылар жана бардык ата-энелер жакшы түшүнүшөт деп ойлойм. Анткени, биз бул багытта иш алып баруу менен өзүбүзгө зор жоопкерчиликти моюнубузга алганбыз. Педагогдор окутуунун, тарбиялоонун сапатына, медайым режимдик талаптардын аткарылышына, балдардын ден соолугунун абалына жана дене-бой жагынан өрчүп-өнүгүүлөрүнө тынымсыз көзөмөлдүк кылышат. Ал эми балдардын эне тилин так билүүсүнө, эсептерди чыгартуу менен ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өрчүтүүгө, сүрөт тарттыруу жана кураштыруу амалдарын, ырдоого жана бийлөөгө үйрөтүү менен балдардын шык-жөндөмдөрүн ойготууга, табият сырлары менен тааныштырууга көңүл бурулат. Тактап айтканда, балдар бакчасында күн сайын 3-4 саат дидактикалык өркүндөтүүчү жана кыймылдуу оюндарга көңүл бөлүнөт.
– Балдарга улуттук оюндарды да үйрөтүп турасыздарбы?
– Ооба, балдарга улуттук оюндардын түрлөрүн көрсөтүп жана үйрөтөбүз. Жакында эле “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жөнүндө Мамлекет башчыбыздын Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында элибиздин каада-салттарынын бири болгон тушоо кесүү ырымын көрсөттүк. Андан тышкары, ушул иш-чаранын жүрүшүндө балдар улак тартыш, аркан тартышмай оюндарына өзүлөрү кызыгуу менен катышышты.
– Ата-энелердин сиздерге карата мамилеси кандай болуп жатат?
– Биздин аракеттерибизге, жүргүзүп жаткан ишмердигибизге ата-энелер абдан ыраазы деп айта алам. Балдарга түзүлгөн шарттар жакшы маанайларды жаратууда, дооматтар айтыла элек. Биздин ясли-бакчабыздагы тарбиялоо, окутуу, билим берүү мезгилдин талаптарына толук кандуу жооп берет деп ишенем. Тарбиячы педагогдорубуз тажрыйбалуу жана өз милдеттерине чоң жоопкерчиликте мамиле жасашат, ошондой эле изденүү менен иштешет.
– Дагы кандай иш-чараларды өткөрүп турасыздар?
– Өткөн жылдын күзүндө биздин ясли-бакчабыздын базасында мектепке чейинки мекемелердин усулчулары (методисттери) үчүн атайын семинар уюштурдук. Биз башка мекемелердин тажрыйбаларын жана жакшы саамалыктарын үйрөнүүгө далил катары эч тартынбастан аракет жасап келебиз.
– Балдар бакчасынын дагы кандай милдеттерин өзгөчө белгилей аласыз?
– Балдар бакчаларынын негизги милдети – 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарды коопсуз чөйрөдө багуу, ар тараптан өнүктүрүү, психологиялык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү, ошондой эле аларды мектепке сапаттуу даярдоо болуп саналат. Бул милдеттер бир нече багыттар боюнча ишке ашырылат. Жогоруда учкай белгилегенимдей, бул биринчи кезекте билим берүү жана интеллектуалдык өнүгүүнү калыптандыруу, балдардын курагына ылайык логикалык ойлонууга, математиканын негиздерине жана курчап турган чөйрөнү таанытууга; эне тилин өрчүтүүгө, сөз байлыгын өстүрүүгө, башкалар менен алака-мамиле түзүүнү үйрөтүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрүн арттырууга багытталган.
Экинчиден, балдар бакчасындагы тарбия балдардын инсан катары калыптануусуна, өз алдынчалуулукка жана эмгекчил болууга көмөктөшөт.
Үчүнчүдөн, балдардын физикалык жактан туура өрчүүсүнө, туура тамактануусуна жана сергек жашоону билүүсүнө өбөлгө болот.
Төртүнчүдөн, мектеп чөйрөсүнө эч кандай чочуркабастан аралашууга даярдайт. Биздин ишмердигибиз “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Аталган мыйзамдын 4-беренесинде – мектепке чейинки курактагы балдардын, дене-күч, социалдык, психологиялык, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана эстетикалык өсүшүн кошкондо, шайкеш өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле эмгекке тарбиялоо; баланын өсүүсүндө жеке муктаждыктарын эртелеп аныктоо; балдарды мектепке даярдоо; мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон учурунда баланын коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу баса белгиленген.

– Баса, мыйзам демекчи, балдар бакчаларынын, алардын катарында силердин ясли-бакча үчүн Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров кол койгон “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” доктринасынын таасири жана мааниси кандай экендиги тууралуу сиздин пикириңизди да билсек ашыкча болбосо керек?
– Ырас айтасыз, 2024-жылдын 18-декабрында Президент
Садыр Жапаров кол койгон “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу өзүнө идеологиялык негиздерди жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча стратегиялык багыттарды камтыйт. Ал өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү концепциясы гана болбостон, ар бир кыргызстандык үчүн жашоо образына айлануусу кажет болгон өтө маанилүү документ. Уңгу жолдун негизги багыттары үй-бүлө, коом жана мамлекет деген үч башатка таянат. Ар бир үй-бүлө – бул мамлекеттин пайдубалы. Бул уңгу жол бизге жарандык жоопкерчиликти, нарктуу жашоону жана биримдикти үйрөтөт. Улуттук сыймык элдин тарыхын, тилин, маданиятын жана салттуу баалуулуктарын таанып-билүүдөн, аларга урмат менен мамиле кылуудан башталат. Эгемен мамлекеттин ээси болуу – ар бир жарандын улуттук сыймыгынын башкы булагы. Улуттук сыймык келечек үчүн кам көрүү милдети менен жоопкерчиликти бирдей моюнга алуу сезимдеринин айкалышында жаралып бекемделет. Билим берүүгө болгон даярдык менен билим алууга болгон даярдыкты бири-бирине дал келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ырааттуу ишке ашыруу башкы максат деп баса белгиленет.
Сөз болуп жаткан уңгу жолдун негизги багыттарында жана бул айтылгандар биздин ишмердигибизге дагы тиешеси зор.
– Өзүңүз тууралуу кыскача маалымат айта кетпейсизби?
– 2023-жылы жылдын мыкты тарбиячысы кароо-сынагына катышып, 1-Май району боюнча 1-орунду, Бишкек шаары өткөргөн тарбиячылар арасындагы кароо-сынакта 3-орунду алгам. Мектепке чейинки мекемелерде 10 жылдан бери иштеп жатам жана тандаган кесибим өзүмө жагат, балдар менен иштешүү мен үчүн абдан кызыктуу. Жашоодо максатчыл, өткүр, талапчыл, ошол эле учурда жупуну болууга умтулам.
Маектешкен
Шайгүл УРМАТОВА