Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө бюрокаратиялык тоскоолдуктарды кыскартуу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-июнунан тарта жарандардан 17 түрлүү документтерди жана маалыматтарды талап кылуу жокко чыгарылат. Мамлекеттик
органдар жана уюмдар тарабынан жарлыкта көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды жарандардан талап кылуу мамлекеттиик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу болуп саналат.