МКУ адистери исламдык камсыздандыруу боюнча окуудан өтүп, сертификат алышты
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК (МКУ) камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү жана адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу багытындагы иштерди улантууда. Ушул алкакта кызматкерлер исламдык камсыздандыруу Такафул боюнча атайын окуу курсунан өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
Окутуунун максаты исламдык камсыздандыруунун негизги принциптери, эл аралык талаптары жана практикалык механизмдери тууралуу билимди тереңдетүү, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйба менен таанышуу.
Эл аралык стандарттар жана практикалык тажрыйба
Программада исламдык банк иши жана каржылоонун негиздери, AAOIFI стандарттары, анын ичинде Шариаттык стандарт №26 Такафул, ошондой эле салттуу жана исламдык финансылык системалардын өзгөчөлүктөрү каралды.
Катышуучулар Такафулдун философиясы жана өнүгүү тарыхы, социалдык-этикалык принциптери, фонддорду башкаруу тартиби жана тараптардын өз ара мамилелери боюнча практикалык түшүнүктөрдү алышты. Мындан тышкары, Вакала, Мудараба жана гибриддик моделдер, фонддордогу ашыкчаны бөлүштүрүү, операциялык башкаруу жана ретaкaфул исламдык кайра камсыздандыруу маселелери талкууланды.
Окуунун жүрүшүндө Шариаттык көзөмөл кеңешинин ролуна, AAOIFI жана IFСB стандарттарына, ошондой эле Түркия, Малайзия, Бахрейн, Англия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду.
Такафул өз ара жоопкерчиликке негизделген багыт
Такафул катышуучулардын өз ара жардамдашуу жана жоопкерчилик принциптерине таянган исламдык камсыздандыруу системасы. Анын негизги өзгөчөлүгү камсыздандыруу мамилелерин белгилүү этикалык жана Шариаттык талаптардын алкагында уюштурууга багытталгандыгында.
Кыргызстанда камсыздандыруу кызматтарынын чөйрөсү кеңейип жаткан шартта, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана адистердин билимин өркүндөтүү маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.
Кесиптик билим туруктуу өнүгүүнүн негизи
МКУ үчүн мындай окуулардын мааниси жаңы инструменттерди өздөштүрүү менен гана чектелбейт. Бул иш дүйнөлүк практика менен таанышкан, заманбап камсызд