«ММ Стиль» кара тизмеге кирди. Ирригациялык иштерден кемчиликтер аныкталды

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 122

«ММ Стиль» ЖЧКсы келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн Бишкек мэриясынын ишенимсиз подрядчылардын реестрине киргизилди.

Компания 8-, 9-, 10-кичирайондордо жана «Тунгучта» ирригациялык тармактарды куруу боюнча иштерди жүргүзгөн. Текшерүүдө лотокторду жана асбест түтүктөрүн орнотууда талаптардын бузулганы, бетон конструкцияларында жаракалар, туура эмес эңкейиштер жана башка кемчиликтер аныкталган.

Иштердин аткарылышы 8-кичирайондо 85%, 9-кичирайондо 99%, 10-кичирайондо 90% түзгөн.

Мэриянын маалыматына караганда, подрядчы аныкталган кемчиликтерди толук жойгон эмес. Буга байланыштуу компания ишенимсиз подрядчылардын реестрине киргизилди.

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X