Мобилдик клиника 171 миңден ашуун жаранга жардам көрсөттү
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын Король Абдалла атындагы Гуманитардык фондунун башкы аткаруучу директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу жана Normeca AS компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан мобилдик мульти-диагностикалык клиника долбоорунун жыйынтыктары талкууланды.
2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп жаткан клиника алыскы аймактардын тургундарына медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, 171 миңден ашуун бейтапка кызмат көрсөттү. Ошондой эле 587 миңден ашык консультациялык жана диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Министр долбоорду колдогон өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.