«Мой свет» тиркемеси аркылуу пландуу оңдоо иштеринин графигин көрүүгө болот

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт·саатты түзүп, акыркы күндөргө салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги маалымдады.

Министрликтин билдиришинче, 22-июлга карата республиканын энергетика тутуму туруктуу иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр да, технологиялык үзгүлтүктөр да катталган жок.

Мекеме учурда алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык активдүү уланып жатканын белгиледи. Анын алкагында өлкө боюнча электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пландуу өчүрүүлөрдүн жана оңдоо иштеринин графигин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайтынан  жана «Мой свет» мобилдик тиркемесинен алсаңыздар болот.

Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, өзгөчө кечки эң жогорку жүктөм маалында керектөөнү мүмкүн болушунча сарамжалдуу уюштурууну өтүндү.

Министрликтин маалыматына ылайык, электр энергиясын рационалдуу пайдалануу энергетика тутумунун туруктуу иштешин камсыздап, күз-кыш мезгилин ишенимдүү өткөрүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X