Монголиянын Эсеп палатасынын делегациясы Улуттук тарых музейине барды

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

Монголиянын Эсеп палатасынын аппарат жетекчиси Буянтогтох Бандероль баштаган делегация Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды. Бул тууралуу музейден билдиришти.

Делегация мүчөлөрүнө музейдин негизги экспозициялык залдары боюнча экскурсия уюштурулду. Алар байыркы доорлордон азыркы мезгилге чейинки Кыргызстандын тарыхы жана маданий мурасы менен таанышты.

Коноктордун өзгөчө кызыгуусун көчмөн цивилизациянын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган артефакттар жана кыргыз-монгол элдеринин тарыхый-маданий байланыштарына тиешелүү экспонаттар жаратты.

Сапардын жүрүшүндө Буянтогтох Бандероль жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, тарыхый-маданий мурасты сактоодо жана жайылтууда музейлердин маанисин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоонун символу катары эстелик белектер алмашылды.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X