Москва: Дөөлөт Сыдыков бир нече убакытка тыныгуу алды

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 24

Кэчээ, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына утурлай Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен элчиликтин имаратында кыргызстандык Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун 5 күн 5 түн Манас айтуусун баштаган.

Уюштуруу комитетинин мүчөсү Гульзар Кокенованын берген маалыматына ылайык, манасчы 24 саат Манас айтып, Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө (1-сентябрь) бир нече убакытка чейин тыныгуу алды. Учурда анын абалы туруктуу. Жанында медицина кызматкерлери ден соолугун көзөмөлдөп жатышат.

Дөөлөт Сыдыковду колдоп Москва шаарындагы мекендештер келишүүдө. Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө Манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков буга чейин 14 саат 27 мүнөт бою тынымсыз Манас айткан болчу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X