Москва: Кыргызстандык самбочулар 3 коло медаль алышты
Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасы Москва шаарында өткөн эл аралык мелдеште 3 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” аттуу турнир 24–26-март күндөрү Лужники спорт комплексиндеги Эл аралык самбо борборунда өттү.
Мелдешке дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 200дөн ашуун спортчу катышты.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбандар Алай Сартов (71 кг чейин), Жандос Эсенгазиев (79 кг чейин) жана Адил Туратбек уулу (64 кг чейин, күжүрмөн самбо) коло медалдарга ээ болушту.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Армения, Азербайжан, Беларусь, Кипр жана Россиянын спортчулары катышты.