Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) кыргыз жарандарын кабыл алуу баштаталат

9-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 24

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда аты аталган институт 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 14-майына чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алууну баштайт. Конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алат. Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт — www.dipacademy.kg
Байланышуу тел: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85

9-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X