Москва райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
УКМК жөнөткөн материлдардын негизинде Башкы прокуратура Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары Д.К.С. К.Э.О., С.А.А. жана В.Т.К.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянатттык менен пайдалануу), 342-береси (пара алуу), 343-беренеси (пара талап кылуу) менен иш козгогон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө райондук соттун аппарат кызматкерлеринин, судьяларынын соттолуучулардан пара алгандары аныкталган.
Буга байланыштуу көрүлгөн чаралардын алкагында Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. 5-мартта К.А.Д. аттуу ортомчунун жардамы менен иши сотко өткөн адамдан 1500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.
Судьялар кеңешинин чечими менен кылмышка шектүү судья Б.Т.К. УКМКнын тергөө абагына, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ортомчулукка шектүү К.А.Д. Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына камакка алынган.