Москва шаарында аскердик кармашып урушуу боюнча КМШ чемпионаты өтүүдө
2026-жылдын 6-июлунан 11-июлуна чейин Москва шаарындагы Борбордук армиялык спорт клубунун (ЦСКА) базасында КМШга мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчыларынын арасында өтүп жаткан XVII Спартакиаданын алкагында аскердик кармашып урушуу боюнча чемпионат өтүүдө.

Мелдешке Шериктештиктин алты өлкөсүнөн 400гө жакын аскер спортчу-кызматчысы катышууда. Алардын катарында Кыргызстандын, Россиянын, Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын курама командалары бар.
Спартакиадага катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасынын курамына 52806, 73809 жана 10128 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары кирди.
