"Эркин-Тоо"

Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде, Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлдү.
2023-жылдын 22-мартында таңкы саат 04:10 кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 2005-жылы туулган К.уулуА. келген тез жардам бригадасынын дарыгерлери анын окуя болгон жерден эле каза болгондугун аныкташкан. Ал эми, экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган.
Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Россиянын ИИМдин Москва облусу боюнча Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-ыкчам иликтөө бөлүгүнүн Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен бирдикте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары болушат.

Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралар ар дайым жүргүзүлүп келет. Мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылдыгы жөнүндө ар дайым эскертип келишүүдө. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз ар дайым өздөрүнүн кадыр-баркына кам көрүшү керек. Биздин жарандардын катышуусундагы мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттардын коомчулугунун аракетин жокко чыгарууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!