Москвада «Нарын» ЭЭАнын өкүлчүлүгү расмий ачылды

Москва шаарында «Нарын» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадам катары бааланууда.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү катышып, алардын катарында биринчи катчы Назира Маматканова да болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөткөн «Москва-Тянья» эл аралык автоунаа борборуна ыраазычылык кат тапшырылды.

Жаңы өкүлчүлүк бизнес өкүлдөрүнө эркин экономикалык аймактын мүмкүнчүлүктөрү жана жеңилдиктери боюнча кеңеш берүү, экспорттук операцияларды колдоо, ошондой эле инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында иш алып барат.

Белгилей кетсек, «Нарын» эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү Москва шаарындагы Каширское шоссе көчөсү, 61-үй, 3А корпус дарегинде жайгашкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X