Москвада жашаган кыргызстандыктар 1-сентябрдан тартып «Амина» тиркемесин жүктөшү керек

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 167

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Москвада жана Москва облусунда чет өлкөлүктөр үчүн «Амина» тиркемесин колдонуу милдеттүү болот. Жаңы талап миграциялык каттоого байланыштуу айрым категориядагы жарандарга тиешелүү.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 18 жаштан жогорку студенттер, Москва жана Москва облусунда иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле эмгекке байланышпаган максатта келип, 90 күндөн ашык болууну пландаган жарандар тиркемени орнотуп, тиешелүү жол-жоболордон өтүшү керек.Возможно, это изображение текст

Талап 18 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт.

Министрлик аталган категорияга кирген кыргызстандыктарды «Амина» тиркемесин алдын ала орнотуп, миграциялык каттоодон өз убагында өтүүгө чакырат. Өзгөчө Москвада окуган студенттерге жана узак мөөнөткө барууну пландаган жарандарга жаңы тартипке көңүл буруу сунушталды.

Кошумча маалыматты Кыргызстандын Россиядагы Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнөн алууга болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-имарат. Телефондор: +7 996 968-98-97, +7 925 030-26-27.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X