Мозамбиктин делегациясы Улуттук тарых музейи менен таанышты

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 79

Мозамбик Республикасынын делегациясынын өкүлдөрү Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышты.

Кечээ Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде делегация үчүн англис тилинде атайын экскурсия уюштурулду.

Бир саатка созулган экскурсияда коноктор музейдин негизги экспозицияларын көрүп, Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана улуттук мурастары тууралуу маалымат алышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Музей кызматкерлери экспонаттардын тарыхый маанисине токтолуп, өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана коомчулукка жайылтуу багытындагы иштер тууралуу айтып беришти.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X