Можтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп дайындалды
Ирандын жогорку лидери болуп 56 жаштагы Можтаба Хаменеи дайындалды. Бул тууралуу «Iran International» агенттиги маалымдады.
Тактап айтканда, Ирандын Эксперттер Ассамблеясы каза болгон Али Хаменеинин уулун Жогорку лидер кызматына бекитти.
Можтаба Хаменеи 1969-жылы 8-сентябрда Мешхед шаарында төрөлгөн. Ал теологиялык билим алган. 1999-жылдан тартып Кум шаарындагы диний борбордо окуп, кийин теология боюнча сабак берген.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Можтаба Хаменеини 2009-жылдын июнь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан нааразылык акцияларын басууда негизги инсан катары атап келишет.