МСК эскертет: Бүгүн салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү!

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 27

Бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

«Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктарды төлөөгө чакырат. Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Кененирээк маалыматты 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот», — деп маалымдайт МСК басма сөз кызматы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X