МСК: Салык режимин тандоо жөнүндө 23 миң 272 арыз түштү

4-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 56

Жаңы Салык кодексинин ишке киргизилишине байланыштуу, салык органдарына салык төлөөчүлөрдөн салык режимин тандоо жөнүндө 23 миң 272 арыз түштү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1136 салык төлөөчү жалпы салык режимине, 22136 салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасына, анын ичинен 14775 бирдиктүү салыкка, 7295 нөлдүк ставка менен бирдиктүү салыкка, 66 субъект КНСти шарттуу эсептөө режими менен бирдиктүү салыкка өткөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуу салыгынын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз менен 28-январга чейин кайрылуулары зарыл болгон.

Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинин кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдарынын “Бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча– иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин күчөтүлгөн режимде иштеген.

4-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X