Муфтият чек арада каза болгондордун жакындары менен жолугушту

Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна барып чек ара окуясында көз жумган жарандардын туугандары менен жолугушту. Жолугушуу түштүк аймагындагы казылар жана облустук казыяттын эмгек жамаатынын катышуусунда өтүп, маркумдарга багышталып Куран окулду.

“Мамлекетибиздин мындан ары тынчтыгы, бакубат жашоосу үчүн дайыма дуа кылып, Жаратканга жалбаралы. Маркумдарыбызды Алла Таалам Өз ырайымына алсын. Мындай оор жоготуу кайталанбасын. Энелердин көз жашы акпасын, ар бир үйдө бейпил жашоо болуп, өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун», -деди Жоробай ажы Шергазыев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X