Муфтият кичи ажылык сапарын уюштуруу иштерин баштады

1-ноябрь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 123

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра сапарын (кичи ажылык) уюштурууну баштады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кичи ажылык амалын аткаруу үчүн Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылуусу керек.

Толук маалымат үчүн байланыш номерлери: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.

1-ноябрь, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X